Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
“Ала-Арча” паркында 8-майда амфитеатрдын ачылыш аземи өтөт
05.05.2025 | 17:50
8-майда “Ала-Арча” жаратылыш паркында жаңы амфитеатрдын ачылышына карата майрамдык концерт уюштурулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы жарыялады.
Концерт саат 12:00 башталып, парктын Ак-Сай зонасында, “Ала-Арча” (Пирамида) мейманканасынын жогору жагында ачык асман астында өтөт.
Концертте белгилүү ырчылар: Аксай Муканбет уулу, Малика Дина, Абир Касенов, Элера, Азат Раимбердиев, Сырга Сагынбекова, Бек Исраилов, Бек Борбиев жана Назима Раадбекова ырдайт. Ошондой эле “Тенгри” бий тобу бийлейт.
Концертке кирүү акысыз. Бирок “Ала-Арча” паркына кирүү кадимки тариф менен болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом