Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат боюнча атайын өкүлү болуп дайындалдыКРдин Инвестициялар боюнча агенттиги «ВЭБ.РФ» менен кызматташатТүндүк-Түштүк альтернативдик жолуна чоң таш түшүп, тазалоо иштери жүрүүдөКыргыз балы Евробиримдиктин рыногуна чыгууда: Үч компания TRACES системасына киргизилдиКыргызстан менен Беларусь кооперацияны жана аймактар аралык байланыштарды күчөтүүдөБишкекте жай бою ачык асман алдында музыкалык кечелер өткөрүлүп турат
“Ала-Арча” паркында 8-майда амфитеатрдын ачылыш аземи өтөт
05.05.2025 | 17:50
8-майда “Ала-Арча” жаратылыш паркында жаңы амфитеатрдын ачылышына карата майрамдык концерт уюштурулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы жарыялады.
Концерт саат 12:00 башталып, парктын Ак-Сай зонасында, “Ала-Арча” (Пирамида) мейманканасынын жогору жагында ачык асман астында өтөт.
Концертте белгилүү ырчылар: Аксай Муканбет уулу, Малика Дина, Абир Касенов, Элера, Азат Раимбердиев, Сырга Сагынбекова, Бек Исраилов, Бек Борбиев жана Назима Раадбекова ырдайт. Ошондой эле “Тенгри” бий тобу бийлейт.
Концертке кирүү акысыз. Бирок “Ала-Арча” паркына кирүү кадимки тариф менен болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом