Ысык-Көл менен Томск облустары кызматташат

Ысык-Көл менен Томск облустары кызматташат

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков Орусиянын Томск облусунун губернатору Владимир Мазурдун менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Томск облусу менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү тармактарындагы аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Ысык-Көл жана Томск облустарынын ортосундагы боордош мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Губернатор Мазур Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигеновдун атына Томск шаарына 2025-жылы келип кетүүгө чакыруу жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Ошондой эле Кыргызстандын бизнес коомчулугун да эки тараптуу регион аралык кызматташтыкты активдештирүү жана ишканалар ортосундагы байланыштарды түзүү максатында чакырган.

Мындант тышкары башкы консул Айбек Айдарбеков Томск облусундагы Экспортту өнүктүрүү кеңешинин жыйынына катышып, Томск компанияларын Кыргызстанда уюштурулуп жаткан көргөзмөлөргө катышууга, ошондой эле өз өндүрүшүн Кыргызстандын аймагында ачууга чакырган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>