Бишкекте Улуу Жеңишке арналган көргөзмө өттү

Бишкекте Улуу Жеңишке арналган көргөзмө өттү

Кыргызстан элинин ассамблеясынын имаратынын алдында бүгүн Жеңиштин 80 жылдыгына арналган өзгөчө маанидеги көргөзмө өттү. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргызстандыктардын фронттогу жана тылдагы эрдиктерин даңазалоого арналды.

Экспозицияда армия менен тылдын бекем биримдигин тастыктаган уникалдуу документтер, тарыхый фотосүрөттөр, көркөм чыгармалар жана китептер коюлуп, “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” урааны алдында кыргыз ССРинин эмгекчилери ал жылдары армияны ок-дары, азык-түлүк жана стратегиялык сырьё менен камсыз кылып тургандыгы белгиленди.

Ошондой эле, музейдин туруктуу экспозициясындагы Улуу Ата Мекендик согуш бөлүмү жаңыртылып, жаңыланган материалдар менен толукталды. Көргөзмөнүн расмий ачылышынан кийин катышуучулар үчүн Жеңишке арналган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Бул маанилүү иш-чараны Маданият министрлиги уюштуруп, ага Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери, ардагерлер, россиялык мекендештердин бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>