Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, анын эсебинен оорукана салып беришкенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Сузак районунун Чокмор айылында Эне жана баланы коргоо борборунун ачылыш аземинде айтты.
Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев катышты.
Аталган борбор төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын камтыйт. Ал жалпысынан 470 штаттык бирдик менен камсыздалат.
Маалыматта айтылгандай, 570 млн сомго курулуп, мамлекетке өткөрүлүп берилди. Ооруканага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин апасы Алийма Ташиеванын ысымы коюлган.
«Мурун чиновниктер менен байлар акчаларын чет өлкөгө чыгарып, ошол жактан үй салып, бизнес ачып кетишчү. Азыр деле кайтып келе албай жүргөндөр бар. Ал эми Ташиевдер үй-бүлөсү мунай базасын сатып, ошол акчаны өз элине жумшап, ушул ооруканадай изги ишке салды. Бул — чыныгы үлгү, чыныгы патриотизм»,- деп билдирген Садыр Жапаров ачылыш аземде.