Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Россиянын кара тизмесинен 4 миң кыргызстандык чыгарылды
13.05.2025 | 14:34
Россиянын миграциялык кара тизмесинен 4 миң кыргызстандык жаран чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, учурда кара тизмеде 74 миң кыргызстандык бар.
Жакынкы күндөрү дагы 36 миң адамдын тизмеден чыгарылышы күтүлүүдө, бирок банктык карызы же медициналык себептер болсо, алар тизмеде кала бериши ыктымал.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 10-сентябрына чейин мыйзам бузгандарга статусун мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берди.
Жарандар өз абалын Migrant.kg сайтынан текшере алышат.
Рубрики: Жаңылыктар