Эми базарларда жана кичи базарларда жайгашкан соода жайларды ижарага бергендер патенттин негизинде салык төлөй алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, президенттин 2025-жылдын 8-январындагы №1 «Калктын жана ишкердик субъекттеринин салык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинетинин 2022-ж. 18-февралындагы № 84 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Ага ылайык, патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси иштин жаңы түрү менен толукталды — «Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт».
Салык кызматынын маалыматында, бул ишмердиктин түрү жеке жактарга соода ишинде пайдаланылуучу соода жайын субижарага берүүдөн алынган кирешенин суммасынан патенттин негизинде салык төлөө укугун берет.
«Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн форматта электрондук патентти тариздөө жана төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жарандар мүлктүн жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына кайрыла алышат»,- деп айтылат маалыматта.