Иран 16-майда Түркиянын Стамбул шаарында Франция, Германия жана Улуу Британия (европалык үчтүк) менен 2015-жылдагы өзөктүк курал келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги эки европалык жана бир ирандык дипломатиялык булакка таянып жазды.
«Жогорку деңгээлдеги дипломаттардын сүйлөшүүлөрү жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан АКШ менен Ирандын ортосундагы бешинчи раунддагы сүйлөшүүлөрдүн алдында эки тарап тең өз позициясын бекемдөөгө аракет кылып жаткан учурда өткөнү жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Reuters агенттигинин маалыматында, европалык дипломаттар Иран менен диалогду улантуу жана жаңы өзөктүк курал келишиминин шарттарын кандай элестетишерин аныктоо алардын кызыкчылыктарына туура келерин билдиришкен.
«Иран да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кызыкдар, анткени бул өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүн ачык сактап калууну жана БУУнун санкциялары кайра киргизилиши мүмкүн болгон шартта европалык мамлекеттердин мамилесин баалоону каалайт»,- деп билдирди агенттик.