УКМК курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү

15.05.2025 | 17:20

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жылда курулуш аянтчаларында кырсыктар көбөйгөн:

– 2022-жылы бийиктиктен кулап түшүү боюнча 11 учур катталса

– 2023-жылы 73,

– 2024-жылы 172,

– 2025-жылдын алгачкы үч айында болсо 30дан ашык кырсык болгон.

УКМК курулуш тармагындагы коопсуздук талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, төмөнкү себептерди көрсөттү:

Өмүрдү жана ден-соолукту сактоо,

Экономикалык жоготууларды азайтуу,

Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу,

Юридикалык жоопкерчилик,

Экологиялык жана коомдук коопсуздук.

Бул маселелер боюнча курулуш бизнесинин өкүлдөрүнө коопсуздук шарттарын түзүү жана алардын сакталышына кылдат көңүл буруу сунушталды.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top