Кыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгынАКШ «Беш Көз» чалгын альянсына Украина боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарды берүүнү чектеди
Боомдо таш түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат. Убактысы
17.05.2025 | 10:53
19-майдан 23-майга чейин (аба ырайына жараша) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3898-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин иштер жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө уруксат берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар