АКШ 1 миллион палестиналыкты Ливияга көчүрүү планын караштырууда

АКШ 1 миллион палестиналыкты Ливияга көчүрүү планын караштырууда

NBC News өз булактарына таянып билдиргендей, АКШ администрациясы Газа тилкесиндеги 1 миллионго чейин палестиналыкты Ливияга туруктуу көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Маалыматка ылайык, бул маселе АКШ менен Ливиянын ортосунда алдын ала талкууланган.

План азырынча акыркы макулдашуудан алыс, бирок Ак үй бул багытта олуттуу иш алып барууда. Бул сунуш Израилге да билдирилген. Өз кезегинде АКШ Ливияга тоңдурулган миллиарддаган доллар каражатты кайтарып берүүгө даяр экени айтылууда.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Улуттук коопсуздук кеңеши бул боюнча расмий жооп берүүдөн баш тартышса, кийинчерээк кабарды төгүндөштү.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Дональд Трамп да ушундай сунуш менен чыккан. Бирок Палестина жетекчилиги жана Араб лигасы палестиналыктарды күч менен көчүрүүгө каршы экенин билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>