Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

20-майдан 1-октябрга чейин Бишкек шаарында салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Бул чара муниципалдык жолдорду сактоо жана пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилүүдө. Чектөө күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин абанын температурасы +28°C жана андан жогору болгондо күчүндө болот.

Бирок, чектөө төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

— гуманитардык жардам, азык-түлүк жана күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унааларга;

— атайын уруксат боюнча ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөрдү ташуучу транспортторго;

— жолдорду, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук маанидеги объектилерди ремонттоодо жана курууда колдонулуучу техникаларга.

Буйруктун аткарылышы үчүн шаар бийлиги 20-майга чейин керектүү жол белгилерин орнотуп, айланма жолдорду иштеп чыгат. Райондук администрациялар жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө, милициянын патрулдук кызматы менен муниципалдык инспекция бул эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>