Салык кызматына 65 Chevrolet Cobalt кызматтык унаа тапшырылды

Салык кызматына 65 Chevrolet Cobalt кызматтык унаа тапшырылды

Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата, салык органдарына кызматтык унааларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун негизинде Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 65 унаа тапшырылганын белгиледи.

Салык кызматынын башчысы президентке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов унаалар контрафакттуу жана эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча мобилдүү топтордун ишин жакшыртуу үчүн колдонуларын, ошондой эле көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүүгө салым кошорун белгиледи.

«Бул унаалар жетекчилер үчүн эмес, дал ушул мобилдүү топтордун ишин эффективдүү жүргүзүү үчүн берилди», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Ошондой эле төрага буга чейин мунай продуктуларына болгон акциз салыгынан мамлекеттик бюджетке 3 млрд 700 млн сом түшсө, милдеттүү маркалоо системасы киргизилгенден бери бул сумма 5 млрд 300 млн сомго жеткенин кошумчалады.

Өткөн жылы мунай трейдерлеринен 8 млрд сом түшсө, азыр бул сумма 12 млрд сомго өстү.

Алмамбет Шыкмаматов бул жыйынтык мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнүн, контрабандага каршы күрөштүн жана салыктык маданиятты жогорулатуунун аркасында ишке ашкандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев биздин экономиканын негизги бөлүгүн салыктык түшүүлөр түзөрүн баса белгилеп, ушул себептен Президент салык кызматкерлеринин өз милдеттерин так жана адилеттүү аткаруусу үчүн бардык шарттарды түзүү тапшырмасын бергенин билдирди.

Кызматтык унааларды тапшыруу аземи Салык кызматынын төрагасына ачкычтарды расмий түрдө тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, бул кызматтык унаалар мобилдүү топтордун өз милдеттерин аткарууда эффективдүү иш алып барышына шарт түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>