БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкерге эскерттиСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыОрус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты
Кыргызстандык окуучулар Азиялык физика олимпиадасында 2 коло медаль жеңишти
19.05.2025 | 09:31
Кыргызстандык окуучулар Сауд Аравиясында өткөн Азиялык физика олимпиадасында (APhO) 2 коло медаль алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
“Бул – өлкөбүздүн APhO тарыхындагы эң жогорку жыйынтыгы. Кыргызстандын курама командасы 18 жылдан бери бул олимпиададан бир дагы медаль ута албай келген. Быйыл Кыргызстандын командасы дароо 2 коло медаль, 4 Ардак грамота алып, тарых жаратты”,- деп айтылат маалыматта.
Жеңүүчүлөр:
- Анаралы уулу Эмир – коло медаль, 12-класс, UWIS мектеби;
- Абдиев Аскар – коло медаль, 11-класс, НШЛИТ;
- Салиев Темирхан – Ардак грамота, 10-класс, Кадамжай “Семетей” лицейи;
- Абылаев Ахмед – Ардак грамота, 10-класс, Сейтек Стем мектеби;
- Эмилбеков Айтегин – Ардак грамота, 10-класс, Газпром мектеби;
- Баратали Бектур – Ардак грамота, 12-класс, UWIS мектеби.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом