Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 13-майындагы №371-буйругу менен бир катар эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактырды.
Булар төмөнкү долбоорлор:
1) Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын биринчи комплексин модернизациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу;
2) Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондуна карата «Ош шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын биринчи комплексин модернизациялоо» долбоору боюнча гранттык макулдашуу;
3) Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атайын Жашыл климаттык фондунан «Ош шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын биринчи комплексин модернизациялоо» долбоору боюнча инвестициялык грант жөнүндө гранттык макулдашуу.