Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бишкекте 2 чет өлкөлүк мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип кармалышты
19.05.2025 | 15:01
Бишкек шаарында 2 чет элдик жаран мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, борбор калаадагы курулуш объектилеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталган. Аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жок экени такталган.
Кармалган 46 чет өлкөлүк жарандарга протокол түзүлүп, алардын ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 16-майда жогорудагы мыйзамсыз миграция каналынын уюштурууга шектелип чет мамлекеттин 2 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар