Бишкек-Балыкчы жолунун жээгиндеги тамактануучу жайлар мыйзамсыз жайгаштырылган деп табылып, буздурулууда. Ал эми ээлерине айып пулдар салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Чүй облусунун Кемин районунун Чолок айылындагы ”Бишкек – Балыкчы” багыты боюнча темир жолго бөлүнгөн тилкеде жайгашкан коомдук тамактануу жайларын текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.
«Президенттин “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, темир жолдун жол тилкесин коомдук тамактануучу жайлардан бошотуу боюнча иштер жүргүзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында, мыйзамсыз жайгашкан 24 объектиге жалпысынан 60 миң сом айып пул салынган. Учурда аларды буздуруу жумуштары жүргүзүлүп жатканы айтылды.