Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Политех менен курулуш материалдарын өндүргөн британиялык компания кызматташат
21.05.2025 | 12:58
Билим берүү жана илим министрлиги, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) жана курулуш материалдарын өндүрүү боюнча алдынкы британиялык United Concrete Canvas Ltd компаниясы өз ара кызматташуу тууралуу алкактык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Кызматташуу инженердик билим берүү, илимий изилдөөлөр жана колдонмо технологиялар жаатында ишке ашат.
Макулдашуунун негизги максаты – инженердик адистерди даярдоо, билим берүү программаларын өнүктүрүү жана эл аралык илимий кызматташууну кеңейтүү үчүн академия менен өнөр жайдын туруктуу байланыш платформасын түзүү.
Кызматташуунун негизги багыттары:
- Инженердик-техникалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
- Академиялык жана колдонмо программаларды, анын ичинде курстарды, тренингдерди жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын биргелешип иштеп чыгуу;
- КМТУнун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик багыт алышына көмөк көрсөтүү;
- United Concrete Canvas компаниясынын базасында КМТУнун студенттери жана окутуучулары үчүн стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
- Улуу Британиянын, айрыкча Кардифф университети менен академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү.
Кызматташуунун формалары:
- Инженердик технологиялар жаатында билим берүү курстарын түзүү боюнча кеңештерди өткөрүү;
- Биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;
- Таанышуу сапарларын, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштуруу;
- Улуу Британиядагы өнөктөш уюмдар менен академиялык мобилдүүлүккө көмөк көрсөтүү жана институционалдык байланыштарды түзүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом