Акыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке кактыӨзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди
Бишкекте жаңы төрөт үйү курулуп жатат
22.05.2025 | 09:23
Бишкек шаарында №1 төрөт үйүнүн аймагында жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы төрөт үйү беш кабаттан жана жер төлөдөн туруп, 150 орунга эсептелген.
Учурда имараттын пайдубалы курулуп жатат. Долбоор боюнча, жер төлөдө стерилизация бөлүмү, лаборатория, кампалар жана ашкана жайгашмакчы.
Биринчи кабатта кабыл алуу бөлүмү жана операциялык блок болот. Экинчи кабат төрөт бөлүмүнө арналат. Үчүнчү кабатта кош бойлуулук патологиясы бөлүмү жайгашат. Төртүнчү кабатта ымыркайлар жана реанимация бөлүмдөрү болот. Бешинчи кабат административдик жана жардамчы кызматтар үчүн каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар