Эмгек министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча аткарылып жаткан иштерди билдирди

22.05.2025 | 11:43

Кыргызстанда 218 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, алардын 37 миңден ашыгы балдар экенин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө 2019-жылдан бери БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын катышуучусу болуп эсептелет.

Министрлик мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан негизги чаралар жана реформалар тууралуу маалымат берди.

Системалуу мамлекеттик иштер:

– Майыптардын укуктарын коргоо үчүн Министрлер кабинетинин алдында атайын кеңеш түзүлгөн. Анын курамында майыптар жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар.

– Бардык жарандарга тең мүмкүнчүлүк түзүү максатында “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы 2023–2030-жылдарга кабыл алынган. Ал билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт, иш менен камсыз кылуу, маданият жана спорт тармактарын камтыйт.

Медициналык-социалдык экспертизаны (МСЭК) реформалоо:

  • 2025-жылдын апрелинде жаңы токтом кабыл алынып, экспертизадан өтүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.
  • Жеке реабилитация программасынын электрондук формасы ишке киргизилди.
  • Ведомстволор маалыматтарды “Тундук” санариптик системасы аркылуу бөлүшүүдө.
  • Соттолгондор үчүн да майыптык экспертизадан өтүү шарттары түзүлдү.

Укуктук жана социалдык колдоо чаралары:

  • ВИЧ-диагнозу бар балдарга жөлөкпул каралган.
  • Оор диагнозу бар жарандар үчүн майыптыкты кайра кароонун кажети жок (мисалы, Даун синдрому, аутизм, көрүү жана угуу бузулуулары).
  • Эми “майып адам” дегендин ордуна “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” деген термин расмий колдонулат.

Куралдуу кагылышуулардан жабыркагандарды колдоо:

  • Баткендеги 2021–2022-жылдардагы куралдуу чыр-чатактарда жабыркагандарга майыптык алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

МСЭКти модернизациялоо – 100 күндүк план:

  • Автоматташтырылган маалымат алмашуу системасы киргизилүүдө;
  • Майыптыктын электрондук реестри түзүлүүдө;
  • Документ тапшырууда жөнөкөйлөтүлгөн шарттар жана мамлекеттик органдарга баруу зарылдыгын азайтуу максатында иштер жүрүүдө.

Бул иштер Эмгек министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы №53 буйругу менен бекитилген атайын 100 күндүк пландын алкагында жүргүзүлүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top