Бишкекте 21–22-майда климаттык тобокелдиктер жана алардын Борбор Азиядагы калдык сактоочу жайлардын коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча субрегиондук семинар өтүүдө.
Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Р. Раимкулова бул теманын өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, өндүрүштөгү авариялардын, суу булактарынын булгануусунун алдын алуу жана техногендик тобокелдиктерди башкаруу боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу региондогу бардык өлкөлөр үчүн өзөктүү маселе бойдон калууда.
Раимкулова белгилегендей, Кыргызстан — тоолуу өлкө болгондуктан, климаттын өзгөрүшү жана анын экологиялык коопсуздукка тийгизген таасири өлкө үчүн айрыкча маанилүү.
Семинардын уюштуруучулары болуп Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясы, Өнөр жай кырсыктарынын чек арадагы кесепеттери боюнча Конвенциянын Катчылыгы, ЭСКАТО, GIZ, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) саналат.
Семинарга Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, илимпоздор жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.