Өзгөндө үч кабаттуу оорукана салынып, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Өзгөндө үч кабаттуу оорукана салынып, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Бүгүн, 22-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 60 орундуу үч кабаттуу жаңы оорукана ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Орукананын курулуш иштери 2023-жылдын жай мезгилинде башталган. Аны курууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 132 млн сом каржыланган. Ошондой эле 21 млн сомго заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган.

“Өзгөчө көңүл бура турган нерсе – бул оорукананын жергиликтүү элге жакын болгону. Министрлер Кабинети тарабынан аралыктары 100 чакырым болгон аймактатарда бирден хирургия операциясын жасаганга жабдуусу, хирург врачы бар оорукана уюштуруу керек деген максат коюлган. Андан алыс болгондо оорулуу адам убагында жеткирилбей анын өмүрүн сактап калуу ыктымалы азаят. Биз ушул максатка жетүү үчүн улам бир жаңы кадам жасап жатабыз”, — деп белгилеген Адылбек Касымалиев ачылыш аземде.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>