Акыркы коңгуроо 26-майда кагылат. Быйыл мектепти канча окуучу аяктап жатат?

Акыркы коңгуроо 26-майда кагылат. Быйыл мектепти канча окуучу аяктап жатат?

Быйыл 2024-2025-окуу жылынын акыркы коңгуроосу 26-майда кагылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун  “кызыл аттестат” алуусу күтүлүп жатат.

Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.

Аймактарда мектептерди канча бүтүрүүчү аяктап жатат?

Бишкек шаары:

  • 9-класс: 24 585 (кызыл күбөлүк алгандар — 839)
  • 11-класс: 14 116 (кызыл күбөлүк алгандар — 586)

Ош шаары:

  • 9-класс: 8 647 (кызыл күбөлүк алгандар — 310)
  • 11-класс: 3 489 (кызыл күбөлүк алгандар — 183)

Талас облусу:

  • 9-класс: 5 506 (кызыл күбөлүк алгандар — 161)
  • 11-класс: 3 279 (кызыл күбөлүк алгандар — 68)

Жалал-Абад облусу:

  • 9-класс: 24 725 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 662)
  • 11-класс: 12 548 (кызыл күбөлүк алгандар — 387)

Нарын облусу:

  • 9-класс: 5 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 368)
  • 11-класс: 4 128 (кызыл күбөлүк алгандар — 236)

Ош облусу:

  • 9-класс: 26 707 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 097)
  • 11-класс: 18 247 (кызыл күбөлүк алгандар — 416)

Баткен облусу:

  • 9-класс: 10 726 (кызыл күбөлүк алгандар — 429)
  • 11-класс: 6 440 (кызыл күбөлүк алгандар — 239)

Ысык-Көл облусу:

  • 9-класс: 9 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 356)
  • 11-класс: 6 493 (кызыл күбөлүк алгандар — 184)

Чүй облусу:

  • 9-класс: 18 393 (кызыл күбөлүк алгандар — 534)
  • 11-класс: 11 800 (кызыл күбөлүк алгандар — 190)
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>