Кыргызстандык окуучулар II Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында (TASIMO) 1 алтын, 3 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 17-21-май күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өттү. Ага 13 мамлекеттен 240тан ашык окуучу катышты.
Жеңүүчүлөр:
- Акимов Ариет – алтын медаль, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу;
- Эшперов Нурсултан – коло медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
- Капаров Нурдөөлөт – коло медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
- Мусаходжаев Султан – коло медаль, 9-класс, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия;
- Киргизбаев Назар – Ардак грамота, 11-класс, Бишкек шаарындагы №61 АФММЛ;
- Тимур – Ардак грамота, 10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
- Саят Арлан – Ардак грамота, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылган. Коло медаль ээлерине 400 доллар, күмүш медаль ээлерине 600 доллар, ал эми алтын медаль ээлерине 1000 доллар сыйлык тапшырылган.