Акыркы коңгуроо иш-чарасына байларыштуу милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле, министрлик бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
«Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Акыркы коңгуроо — бул өмүрдөгү өзгөчө күндөрдүн бири катары эсиңиздерде калышы керек. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги сиздерден бул майрамды шаңдуу маанай менен бирок ошол эле учурда жоопкерчилик менен өткөрүүнү суранат. Коомдук тартипти сактап, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болуңуздар», — деп айтылат маалыматта.
Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз