Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМдин эскертүүсү
25.05.2025 | 17:06
Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, 25-27-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
«Урматтуу жарандар! Чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар! Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар