Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун башкы директору менен жолукту

Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун башкы директору менен жолукту

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Париж шаарында Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда ветеринардык тармакты өнүктүрүү, жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча бир катар маселелер талкууланган. Тараптар келечектеги кызматташуунун багыттарын белгилеп, конкреттүү пландарды кароого макулдашышкан.

Ошондой эле, тараптар ветеринардык кадрларды окутуу, лабораториялык базаны чыңдоо жана маалымат алмашуу боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилешкен.

«Бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өбөлгө түзөт. Жолугушуу Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабына жол ачары күтүлүүдө»,- деп билдирди министрлик.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>