«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталдыКыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлигиОш шаарынын 3026 жылдыгы белгилендиОрусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт
27-майда Бишкектин бир районунда таза суу он эки саатка өчүрүлөт
25.05.2025 | 18:24
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы борбор калаанын бир бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыздоо пландуу түрдө токтотуларын билдирет. Таза суу 27-майда саат 10:00дөн 22:00гө токтотулат.
Таза сууну өчүрүү Ахунбаев, Тыналиева, Курчатов, Миңжилкиев көчөлөрү менен чектешкен аймактагы турак жайларды, мектептерди, бала бакчаларды, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерди камтыйт.
Өчүрүү объектилерди өрткө каршы суу түтүктөрүнө кошуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу.
“Бишкексууканал” ишканасы убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарына жана мекемелерине ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар