Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат

26.05.2025 | 11:13

31-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт- автожол” жана “Иркештам-автожол” унаа өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Аталган өткөрүү пункттары 1-июндан тарта кайрадан ачылат.

Чек ара Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы өтүп жаткандыгына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Scroll to Top