Сауд Арабиясынын Медина шаарында ажылык сапарындагы кыргызстандык зыяратчылар үчүн атайын медициналык борбор ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.
Медициналык пунктта алты тажрыйбалуу дарыгер күнү-түнү иштеп, зыяратчылардын ден соолугун көзөмөлдөп турушат. 24-майда борборду дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык тейлөөнү уюштуруу боюнча атайын жыйын өтүп, кызматтын сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Дарыгер Каныбек Амираевдин айтымында, зыяратчылардын жалпы абалы туруктуу. “Биз бейтаптарды медициналык пунктта гана эмес, мейманканалардагы бөлмөлөрүндө да тейлейбиз. Ысык аба ырайынан улам кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн, ошондуктан суу көбүрөөк ичип, көлөкөдө болууга кеңеш беребиз”, — деди ал.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги зыяратчыларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Сауд Арабияга атайын дарыгерлер тобун жөнөткөн.