«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бийлик Камбар-Ата ГЭС-2нин плотинасын бекемдөө үчүн кредит алууну пландоодо
26.05.2025 | 14:13
Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-2нин суу агызуучу курулушун куруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар өлчөмүндө насыя алууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Депуттын маалыматында, насыялык келишимдин долбоорунда 20 жылдык мөөнөт каралган, анын ичинен 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет. Ал эми калган 15 жыл — негизги сумма менен пайыздарды төлөө мөөнөтү. Насыянын пайыздык ченеминин көлөмү жылына 1 пайызды түзөт, ошол эле учурда жалпы суммадан 0,5 пайыз комиссия кармалат — бул 250 миң долларга барабар.
Дастан Бекешев бул Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүңкү суу агызуучу курулушун куруу жана плотинаны бекемдөө үчүн алынып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат