Кыргызстандын министрлер кабинетинин «Технологиялык парктар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруунун алкагында өндүрүштүк парктар жөнүндө жобону бекитти. Документте парктарга, башкаруучу компанияларга жана тургундарга талап коюлган.
Паркты түзүү үчүн башкаруучу компания дайындалып, мыйзам чегинде жер тилкелери бөлүнүп башкаруучу компания менен өкмөттүн ортосуна инвестициялык келишим түзүлүшү керек. Жумушчулардын иштөө шарттары башкаруучу компания менен түзгөн келишимде аныкталат.
Токтомду ишке ашырууну каржылоо республикалык бюджеттен ишке ашырылат.