КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстан Азербайжан менен Арменияга тынчтык келишимине кол коюуга аянтча сунуштады
26.05.2025 | 22:03
Кыргызстан Азербайжан менен Арменияга тынчтык келишимине кол коюуга аянтча сунуштады.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ереванда кесиптеши Ален Симонян менен болгон жолугушууда билдиргенин Армениянын Улуттук ассамблеясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Нурлан Тургунбек уулу: “Тиешелүү документке жакынкы аралыкта кол коюлат деп ишенем. Ал эми Кыргызстан 1994-жылдагы Бишкек протоколуна байланышкан тажрыйбасына таянып, эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча бөлүп берүүгө даяр”, — деген.
Ал эми Ален Симонян бул сунуш маанилүү экенин белгилеп, айрыкча кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланышкан тажрыйба ага жакшы мисал экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар