Кыргызстан билим берүүдө Литванын тажрыйбасын колдонууну көздөйт

Кыргызстан билим берүүдө Литванын тажрыйбасын колдонууну көздөйт

Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүүдө Литванын тажрыйбасын колдонот. Муну ишке ашыруу үчүн эки жылдык «Инклюзивдик жана STEAM билим берүүнү мектептерде илгерилетүү» твиннинг долбоору башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Долбоорду расмий түрдө баштоо аземине Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн, Литва Республикасынын, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин жана практиктердин өкүлдөрү катышкан.

Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан долбоор үч негизги максатка жетишүүгө багытталган:

  • өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү;
  • илим жана инновацияларга негизделген окутууну (STEAM) бекемдөө;
  • мектептерди каржылоону адилеттүү жана натыйжалуу кылуу үчүн билим берүүнү каржылоо саясатын өркүндөтүү.

Твиннинг долбоору Литва Республикасы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда. Алдыдагы эки жылдын ичинде литвалык эксперттер кыргызстандык кесиптештерине билим берүү саясатын кайра карап чыгууда, тандалган мектептерде жаңы инструменттерди пилоттук колдонууда жана мугалимдерди инклюзивдик жана көндүмдөрдүн негизинде окутууда даярдоодо колдоо көрсөтүшөт.

«Биздин өлкөдө реформаларды түзгөн жана ишке ашырган билим берүү чөйрөсүндөгү ондогон литвалык алдынкы эксперттер өздөрүнүн кыргыз кесиптештери менен түздөн-түз иштешет. Биз биргелешип Кыргызстандын билим берүү системасын ичтен чыңдай турган инструменттерди, саясаттарды жана ыкмаларды бөлүшөбүз»,-  деген Литванын билим берүү, илим жана спорт вице-министри Йонас Петкевичюс.

Министрлик долбоордун кийинки этабы мугалимдердин потенциалын жогорулатууну, каржылоонун жаңы моделдерин иштеп чыгууну жана тандалган мектептерде инновацияларды пилоттук түрдө киргизүүнү камтый тургандыгын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>