Өзгөндө мөмө-жемиш сактоочу ири кампа курулат

28.05.2025 | 13:45

Өзгөн районунун Большевик айылында 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу ири соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Бүгүн, 28-майда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев борбордун курулушуна капсула салган.

Министрлик “Большевик багбандар биримдиги” тарабынан салынып жаткан соода-логистикалык борбору жергиликтүү багбандардын түшүмүн сактап, экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

“Кампа 600 тонна мөмө-жемишти сактоого жөндөмдүү. Долбоордун наркы 35 млн сомду түзөт. Каражат Дүйнөлүк банктан “Арис” долбоору аркылуу 2% менен 35 млн сом насыя 7 жылдык мөөнөткө алынган”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top