Каракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдүОоганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТБ
Өзгөндө мөмө-жемиш сактоочу ири кампа курулат
28.05.2025 | 13:45
Өзгөн районунун Большевик айылында 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу ири соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Бүгүн, 28-майда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев борбордун курулушуна капсула салган.
Министрлик “Большевик багбандар биримдиги” тарабынан салынып жаткан соода-логистикалык борбору жергиликтүү багбандардын түшүмүн сактап, экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.
“Кампа 600 тонна мөмө-жемишти сактоого жөндөмдүү. Долбоордун наркы 35 млн сомду түзөт. Каражат Дүйнөлүк банктан “Арис” долбоору аркылуу 2% менен 35 млн сом насыя 7 жылдык мөөнөткө алынган”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика