Жактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилди
Кыргызстанда ажырашкандардын саны дээрлик 6 пайызга өстү
31.05.2025 | 18:07
Былтыр 2023-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда ажырашкандардын саны 5,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы 12 662 ажырашуу катталса, 2024-жылы бул көрсөткүч 13 397ге жеткен. 2025-жылдын алгачкы беш айында 4729 түгөй ажырашкан.
Үлпөт тойлордун саны да көбөйгөн. 2023-жылы 44 миң 776 нике катталса, 2024-жылы алардын саны бир аз — 1,2 пайызга көбөйүп, 45 миң 321ге жеткен. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 14 миң 706 түгөй баш кошушкан.
Улуттук статистикалык комитет бул көрсөткүчкө сезондук фактор таасирин тийгизип, салттуу түрдө жылдын экинчи жарымында үйлөнүү үлпөттөрүнүн көбөйүшү күтүлүп жатканын түшүндүрдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар