Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
Кыргызстанда жеңилдетилген шартта газдаштыруу долбоору ишке кирди
03.06.2025 | 11:07
КР Энергетика министрлиги Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо программасын ишке киргизди.
Министрликтин маалыматында айтылгандай, долбоордо газды туташтыруу, жабдууларды орнотуу жана монтаждоо иштерин жүргүзүү үчүн кредиттерди берүү каралган.
Кредиттер жеке жана юридикалык жактарга күрөөсүз 12-24 айга берилет. Эң жогорку сумма 150 миң сом, жылдык 3% менен. Каржылоону Айыл Банктан жана Элдик Банктан алса болот.
Программанын бюджети 200 миллион сомду түзөт, каражат 2025-жылдын аягына чейин жеткиликтүү болот.
Рубрики: Жаңылыктар