Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган 76 салыкчы жоопкерчиликке тартылды

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган 76 салыкчы жоопкерчиликке тартылды

322 ишкерге мыйзамсыз түрдө айып пул салышкан 76 салык кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары Мамлекеттик салык кызматынын жана анын аймактык органдарынын ишмердигине мониторинг жүргүзүп, салык органдары тарабынан мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

Тактап айтканда салык инспекторлору «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 318-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарын бузуп, 322 ишкерге мыйзамсыз түрдө 5 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салышкан. Ал эми мыйзам боюнча мындай бузуу үчүн айып пул салуу эмес, эскертүү берүү гана каралган.

Мындан улам 76 салык кызматкери жоопкерчиликке тартылып, ар бирине 10 000 сом айып пул салынган. Ошондой эле, мыйзам бузууларды жоюу боюнча 14 сунуштама тиешелүү органдарга жөнөтүлүп, 24 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.

Прокуратура бул багытта системалуу түрдө иш алып барууну улантыларын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>