Кыргызстан менен Тажикстан кызматташтыкты чыңдоо багытын тастыкташты

Кыргызстан менен Тажикстан кызматташтыкты чыңдоо багытын тастыкташты

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөр кыргыз өкмөт башчысынын КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген иш сапарынын алкагында өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин, анын ичинде президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Быйыл кол коюлган мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашуунун, ошондой эле Өзбекстандын катышуусу менен мамлекеттик чек аралардын кесилишкен жери боюнча макулдашуунун жана Хожент декларациясынын маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Бул документтер мамилелерде жаңы баракты ачып, аймактагы туруктуулуктун кепилдиги болуп саналары баса белгиленди.
Жолугушууда ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана аба каттамдарын кеңейтүү жолдору каралды, бул туризмди, бизнести жана маданий алмашууларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Адылбек Касымалиев жана Кохир Расулзода кыргыз-тажик байланыштарын чыңдоодо маанилүү этаптын башталганын белгилешип, саясий, экономикалык жана маданий өз ара аракеттенүүнүн мындан ары тереңдешине өз ара ишеним билдиришти. Жолугушуунун соңунда өкмөт башчылары эки өлкөнүн элдерин келе жаткан Курман айт майрамы менен куттукташты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>