Айзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койдуЕвропарламент Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу келишимди сентябрда карай тургандыгы айтылды
Айыл чарба министрлиги: Быйыл жашылча-жемиштердин экспорту өстү
09.06.2025 | 10:02
Айыл чарба министрлиги ушул жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстанда өсүмдүк чарбачылыгынын экспорту өскөнүн маалымдады.
Маалыматка ылайык, 5 айда жашылча-жемиштер төмөндөгүдөй көлөмдө экспорттолгон:
- Сабиз – 15 миң 453 тонна (2024-жылга салыштырмалуу +3 000 тонна )
- Капуста – 23 миң 494 тонна (+2 936 тонна)
- Ашкабак (тыква) – 3 миң 672 тоннага көбөйгөн
Ал эми жемиштер менен мөмөлөрдүн экспорту ушунча өскөн:
- Алма – +9 миң 814 тонна
- Алмурт – +6 миң 427 тонна
- Алчалар (черешня) – +2 миң 758 тонна
- Кулпунай – +2 миң 347 тонна
Министрлик бул көрсөткүчтөр — табигый таза продукцияга болгон суроо-талаптын өскөнүн далилдерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика