27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам берет
Кыргызстандык спортчу айым самбо боюнча Дүйнө кубогунда күмүш жеңди
09.06.2025 | 09:30
Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акак Үсөн кызы Армениянын Ераван шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Спортчу 54 кг чейинки салмак категориясында күжүрмөн самбо боюнча катышкан. Биринчи айлампада украиналык спортчуну, ал эми экинчисинде түркмөнстандык спортчуну жеңип, финалга чыккан.
Алтын медал үчүн беттеште орусиялык спортчуга жеңилип, Дүйнө кубогунун күмүш медалына ээ болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт