Казакстандын Коргоо министри алмашты

09.06.2025 | 10:43

Казакстандын президенти Токаев Руслан Жаксылыковду коргоо министри кызматынан бошотту. Анын кызматына буга чейин Коргоо министринин орун басары, Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн башкы командачысы кызматын аркалап келген авиациянын генерал-лейтенанты Даурен Косанов дайындалды.

Даурен Косанов 1969-жылы туулган, аскердик билими бар, анын ичинде Россия Федерациясынын Башкы штабынын Аскердик академиясында билим алган. Ал кызматын Ушарал истребитель полкунда баштап, андан кийин Су-27 эскадрильясын башкарган, Казакстандын ар кайсы шаарларындагы штабдарды жана авиабазаларды жетектеген.

Руслан Жаксылыков Коргоо министрлигин 2022-жылдын январынан бери жетектеп келген.

 

 

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top