IV Ташкент инвестициялык форуму: 3000 катышуучу, 44 миллиард долларлык келишимдер

IV Ташкент инвестициялык форуму: 3000 катышуучу, 44 миллиард долларлык келишимдер

IV Ташкент эл аралык инвестициялык форуму  10-12-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.

Форумдун сайтында маалымдалгандай, анын алкагында инвестициялык көргөзмө уюштурулуп, көргөзмөгө ири жеке компаниялар долбоорлорун тартуулашкан.

Форумдун алкагында панелдик талкуулар, стратегиялык макулдашуулар жана жолугушуулар орун алган.

Форумга 3000ден ашуун катышуучу келип, министрлер, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү, саясатчылар, экономисттер, дүйнөдөгү ири корпорациялардын жана инвестициялык фонддордун топ-менеджерлери, ошондой эле туруктуу өнүгүү, инновациялар жана санариптик трансформация чөйрөсүндөгү эксперттер катышты.

2024-жылы 93 өлкөдөн 2,5 миңден ашуун катышуучуну чогулткан үчүнчү Ташкент эл аралык инвестиция форумунда рекорддук 26,6 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлган.

2022-жылдан бери өткөн үч инвестициялык форумда жалпысынан 44 миллиард долларлык 357 инвестициялык келишимге кол коюлуп, бүгүнкү күндө 57 долбоор ишке ашырылып,  263 долбоор боюнча курулуш жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Долбоорлордун эң чоң үлүшү Сауд Аравиясына туура келет – 10,7 миллиард доллар. Андан кийин Кытай (7 миллиард доллар), Россия (5,5 миллиард доллар), БАЭ (4,6 миллиард доллар), Түркия (3,6 миллиард доллар), Германия (3,4 миллиард доллар), Франция (2 миллиард доллар) турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>