Президенттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калатСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындадыИш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдүЖапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын бердиКыргызстан жана Россия мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатууга ниеттенүүдөЭдил Байсалов бийликтеги жараканын себептерин атап, президенттин айланасында биригүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди
11.06.2025 | 11:36
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбековдун ант берүү аземи болуп өттү.
Табылды Муратбеков мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келди.
Табылды Муратбеков 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2016-жылы Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Эске салсак, ушул жылдын 28-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат