USAIDдин чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү токтойт

12.06.2025 | 11:17

АКШнын администрациясы 2025-жылдын 30-сентябрына чейин Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) бардык чет өлкөлөрдөгү кеңселерин жабууну чечти. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио расмий буйрукта билдирди.

Түзүмдү кайра уюштуруу агенттиктин эл аралык кызматкерлерин, анын ичинде 100дөн ашык өлкөдө дипломатиялык персоналды, подрядчыларды жана жергиликтүү кызматкерлерди толугу менен жоюуну камтыйт. Эл аралык жардам программаларын башкаруу функциялары АКШнын Мамлекеттик департаментине өткөрүлүп берилген.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top