ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
13.06.2025 | 09:34
Эмгек министри Равшанбек Сабиров Bitmain жана Kincaid тобунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ведомстводон маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстанда чет элдик инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу маселелери талкууланды.
Эмгек миграциясын кыскартуунун эффективдүү куралы катары өлкөнүн аймактарында жумушчу орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министр өлкөдө туруктуу экономикалык өсүш жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде салыктык жана укуктук кепилдиктер менен колдоого алынган жагымдуу инвестициялык климатты белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар