Тилди өнүктүрүү менен саясатчылар эмес, окумуштуу-лингвисттер алектениши керек, ал эми тил жаатындагы азыркы мыйзамдык демилгелер тынчсызданууну жаратууда. Мындай пикирин «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директорунун орун басары Наталья Крек Reporter.kg басылмасына курган маегинде билдирди. Ал бир катар кызмат адамдары үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүүнү караган мыйзам долбооруна комментарий берген.
Анын айтымында, коомчулукта бул эмне үчүн жасалып жатканы тууралуу так түшүнүк жок жана бул кадамдар «акыры терс кесепеттерге алып келе турган, тышкы күчтөр колдогон популизм» катары бааланууда.
Эксперттин ишениминде, «орус тили кыргыз тилинин өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдук кылбайт». Ал совет мезгилинде кыргыз тили окумуштуу-филологдордун жана лингвисттердин ишинин аркасында жигердүү өнүгүп, жарандарга баарлашуу, билим алуу жана маданият үчүн тил тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздаганын эске салды. «Ал эми постсоветтик мезгилде кыргыз тили анчалык жигердүү өнүккөн жок», – деп белгиледи Крек.
Наталья Крек Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга «орус тилин коомдук мамилелер системасынан сүрүп чыгаруу боюнча тынымсыз аракеттерден» башка, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн кандай чаралар көрүлдү деген суроо салды. «Чет элдик донорлор каржылык жактан марттык менен колдогон бул түзүм кыргыз тилин үйрөнүүнүн натыйжалуу усулун иштеп чыктыбы же сөздүк түздүбү? Же илимий иш менен алектендиби? Жок, булардын бири да жасалган жок», – деп билдирди эксперт.
Кректин пикиринде, бул «донорлордун максаты кыргыз тилин өнүктүрүү эмес, алардын милдеттери башка» экендиги менен байланыштуу. Ошондуктан тил саясатындагы азыркы абал – бул «чет элдик бенефициарлардын (пайда көрүүчүлөрдүн) кызыкчылыгына ыктаган аракет, ал акыры келип, кош тилдүүлүк артыкчылык болгон биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы ойношу мүмкүн», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов орус (расмий) тилинин макамын кайра кароо пландары жок экенин билдирген. Бирок, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Мелис Мураталиев эскирген актыларды инвентаризациялоонун алкагында расмий тил жөнүндөгү мыйзам кайра каралышы мүмкүн экенин билдирген.
Бакыт Кулчуманов, Reporter.kg үчүн атайын