Чүйдө керамика плиткаларын өндүрүүчү завод ишке кирди (сүрөт)

Чүйдө керамика плиткаларын өндүрүүчү завод ишке кирди (сүрөт)

Бүгүн, 16-июнда Ысык-Ата районунун Ивановка станциясы айылында «Асылташ Керамикс» керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземи болуп өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, заводду курууга жалпы 40 млн доллар өлчөмүндө инвестиция жумшалган. Ишкана жылына 3 миллион чарчы метр керамика продукцияларын чыгарат деп пландалууда. Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3,3 млн чарчы метрге жетип, 1 млрд 500 млн сомдук кирешени түзөрү айтылды.

Ошондой эле заводдун продукциясынын 50%дан ашыгы тышкы рынокторго экспорттолот.

Өлкө башчы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, аталган завод орточо айлык акысы 50 миң сомду түзгөн 300дөн ашуун жаранды туруктуу жумуш орду менен камсыз кыларын белгилеп өткөн. Ошондой эле заводдун негиздөөчүсү кыргызстандык ишкер экенин айтып, өлкөнүн ички рыногунун инвестициялык жагымдуулугу артып баратканын билдирген.

“Биздин максатыбыз — ишкерликти өнүктүрүү менен ар бир жарандын турмушун жакшыртуу болуп саналат. Бул сыяктуу заманбап өндүрүштөрдүн арбышы — ишенимдүү өнүгүүнүн белгиси. Ачылып жаткан ар бир ишкананы — бекем ишеним, талбаган аракет жана жаркын келечек деп айтууга толук негиз бар. Себеби биз өз ресурстарына таянган, өз элине ишенген жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз”, — деген мамлекет башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>