Өлкөдө күн ачык болот: 6-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөт
Бишкек абанын булганышы боюнча 5-орунду ээледи
22.12.2025 | 19:00
22-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 5-сапка жайгашты.
Учурдагы AQI индекси 181 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «зыяндуу» деп саналат.

Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим